17-майда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Bundesdruckerei GmbH компаниясынын Улук вице-президенти Дитер Заутер мырза жана Veridos GmbH компаниясынын аткаруучу директору Марк-Юлиан Зиеверт мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызмат билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун аталган Германиянын алдыңкы компаниялары менен санариптештирүү жаатында кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды жана келечекте Кыргызстандын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен аталган компаниялардын онлайн форматында жолугушууларды өткөрүү сүйлөшүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ