Menu

Фото – Баткен облусунун башчысы чек арадагы  үй-бүлөлөрдүн абалынан кабар алууда

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кечээ 18-майда кечинде,  Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылына барды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл айылдагы чек арага жакын жайгашкан үйлөргө кирип, жашоочулардын абалынан кабар алды. 

Облус башчысы аймакта абал туруктуу экенин айтып, айыл элинин коопсуздугу, облустун күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирип, ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Ошондой эле Ак-Сай жана Ворух айылдарынын ортосуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн, Баткен жана Согди облусунун ички иштер кызматкерлеринин биргелешкен  посту коюлганын жана чек аранын кооптуу участкаларына чек арачылардын жөө патрулу уюштурулганын айтты. 

Белгилей кетсек 17-майда, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында  эки тараптан жарандардын кармалышы, кыргыз жарандарынын тажик жарандары тарабынан сабалышы боюнча окуядан соң, Ак-Сай айылындагы аялдар, жаш балдары менен, Баткен шаарына келишкен болчу. Элдер аймакта абал кооптуу болуп жатканын айтып, тынчсызданууларын билдиришкен. 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: