Жалал-Абад облусунун аймагында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.
Сузак райондук жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрү тарабынан ата-энелерге, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген аймактарга эскертүү тактайчаларын орноштуруу жумуштары уланууда. Милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлсүз калтырбоого чакырат.
Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга багытталган атайын видеоролик да даярдалды:
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ