Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин алдындагы Сокулук районунун Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору 16 жашка толгон төрт балага улуттук кампаниянын алкагында ID-карталарды акысыз алууга документтерин тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Борбордун директору Бакытбек Абдиевдин айтымында, бардык керектүү документтер Сокулуктагы калкты тейлөө борборуна өткөрүлүп берилген, балдар жакынкы арада паспорт алышат.
Эскерте кетсек, 1-майдан 31-августка чейин улуттук кампаниянын алкагында 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору (ID-card) айрым категориядагы жарандарга акысыз берилет, жоготуу учурларын кошпогондо:
Мамлекет тарабынан толук камсыздоого алынган жана интернатт үйлөрүндө жашаган 16 жаштагы балдар;
• 18 жашка чейинки, эки ата-энеси тең каза болгон жетим балдарга (толук жетимдер);
• мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;
• 70 жашка чыккан пенсионерлер, анын ичинде мамлекет тарабынан толук камсыз болгон жана карылар үйүндө жашаган өзүнчө улгайган жарандар;
• 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын катышуучулары.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ