Menu

Анжиянда «Аза күткөн эненин» эстелигинин кучагында видео тарткан тиктокчу 15 суткага камалды

Бөлүшүү:

Анжияндагы «Аза күткөн эненин» эстелигинин кучагында видео тарткан тиктокчу 15 суткага камалды. Бул тууралуу Анжиян облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо 37 жаштагы тиктокчу эстеликтин кучагында жатканы тартылган. Оператордун «Эмне кылып жатасың?» деген суроосуна «Мен апамдын колунда жатам, анын ким экенин билбейм» деп жооп берген.

Сотто тиктокчу жарандардан кечирим сурап, кылганы үчүн өкүнүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, үч баласы бар Анжияндын тургуну буга чейин да жүрүп бараткан поезддин алдында жаткандагыдай тартылган видеосу үчүн жазаланган.

Мурдараак Алишер Навоинин эстелигинин жанында «орунсуз» видео тарткан дагы бир тиктокчу 15 суткага административдик камакка алынганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: