Menu

Жыл башынан бери өлкөдө 512 балдар катышкан жол кырсыктары катталып, 17 бала көз жумган

Бөлүшүү:

2021-жылдын башынан тартып өлкөбүздүн жолдорунда 512 балдар катышкан жол кырсыктары катталган, 17 бала көз жумуп, 500дөн ашык балдар ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Өспүрүмдөр жыл башынан баштап дистанциялык (онлайн) окууларда болсо да, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарына улантууда.

Тилекке каршы, бул сандар биз үчүн өтө өкүнүчтүү. Балдар катышкан жол кырсыктары бул үч негизги категория болүнөт: унаа ичинде жүргүнчү балдар, жөө жүргөн балдар жана унаа башкарган-айдоочу балдар. Бүгүнкү күндө жол транспорт кырсыктарынын саны боюнча, унаа ичинде жүргүнчү катары келе жатып кырсыка катышкан балдар менен жөө баратып кырсыка катышкан балдардын саны салыштырмалуу өтө көп эмес. Бирок кырсыктын кесепетинен жаш өспүрүмдөрдүн (коркунучтуу) категориясы-бул унаа ичинде жүргүнчү катары келе жаткан балдар болууда.

Балдар ата-энелердин кайдыгердигинен жана балдарды ташууда айдоочулардын атайын эрежелерди сактабагандыгынан улам көз жумуп жана оор жаракат алышууда. Жолдо ылдамдыктан ашырып айдап, балдарды ташууда коопсуздук курларын же болбосо балдарды бекем кармап туруучу атаыйн жабдууларды колдонушпайт, эң жөнөкөй мисал,  ата-энелер жол тилкелерин балдарын жетелеп алып туура эмес, коркунуч келтирген жерлерден өтөт.

“Айдоочулар мас абалында унаа башкаруулары дагы жок эмес, мунун баары коркунучтуу жана коопсуздука кепилдик жок. Жыл башынан бери өлкөнүн
бардык региондорунда жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны өсүүдө, өзгөчө мындай көрүнүш Ош облусунун аймагында байкалууда.

Балдарга коопсуздукту  жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону  мектептерде үйрөткөнүнө карабастан, жайкы эс алуу убагында балдар, кайрадан ата-энелердин көзөмөлүндө болот, ошондуктан, бул кырдаалга таасирин тийгизүүнүн  жалгыз жолу ата-энелер жүрүм-турумун оңдоо.

Урматтуу ата-энелер жолдо өзүңүздөр тартипти бузбуй, балдарга туура тарбия берүү менен балдарга үлгү көрсөтүңүздөр. Балдар сиздердин кетирген каталардынн кесепетинен жабыркабаш керек!”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: