Menu

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги тарабынан көптөгөн кыргыз жарандары жашаган Кальяри шаарына консулдук сапар уюштурулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди кеңейтүү, Италияда жашаган жарандардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында 2021-жылдын 15-16-майында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги көп сандуу кыргыз жарандары жашаган Италиянын Кальяри шаарына консулдук сапар жүргүзүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кальяри шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө документтердин ар кандай маселелери боюнча 70ке жакын адамга кызмат көрсөтүлдү – жарандык (чет элдик) паспортторду, ички паспортторду (ID-карталар), туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жаңыртуу. Мындан тышкары, жарандарга нотариалдык кызматтар көрсөтүлдү – ишеним каттарды даярдоо жана берүү, ошондой эле Италиянын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерине көрсөтүүнү талап кылган ар кандай маселелер боюнча бир катар консулдук күбөлүктөр берилди.

Консулдук иш сапардын жүрүшүндө, Элчилик менен консулдук каттоодон өтүүгө 50гө жакын арыз кабыл алынды, ошондой эле биометрикалык маалыматтарды жыйнады.

Элчилик, учурдан пайдаланып, Сардиния аралында жашаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Элчиликтин иш сапарынын алкагында көрсөтүлгөн активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: