Menu

Прокуратура: Жалал-Абадда жеке менчикке берилип кеткен парктык зонадагы жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 2 010 000 сомду түзгөн Жалал-Абад шаарынын паркынан 150 м2 жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүү учурунда, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин 1994-жылдын 25-апрелиндеги буйругу менен А.А. аттуу жаранга шаардык «Жеңиш» борбордук паркынан жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн шаардык мамлекеттик акимдиктин буйругун жараксыз деп табуу тууралуу прокуратуранын доо арызы сот тарабынан канааттандырылган.

Келтирилген прокурордук актынын негизинде аталган кыймылсыз мүлк Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: