Menu

Кытайдан Өзбекстанга дагы 500 000 доза вакцина жеткирилди

Бөлүшүү:

19-майда кытайлык Zhifei Longcom Biopharmaceutical Co. Ltd компаниясы Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынан дагы 500 000 доза алып келди. Препарат өзбек адистери менен бирге иштелип чыккан. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы партияны кошуп эсептегенде Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынан 3,5 миллион доза жеткирилди.

Мартта өлкөгө британ өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакцинасынан 660 000 доза, апрелде орусиялык Спутник V вакцинасынан 100 000 доза алынып келген.

Өзбекстанда коронавируска каршы ZF-UZ-VAC2001 жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө 1-апрелде башталган. 28-апрелден тартып өзбекстандыктарга Спутник V препараты да колдонула баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: