Menu

Иранда 47 жаштагы кинорежиссерду ата-энеси мыкаачылык менен өлтүрдү

Бөлүшүү:

Иранда 47 жаштагы кинорежиссер Бабак Хоррамдиндин ата-энеси ар-намыс үчүн уулун өлтүргөнүн мойнуна алды.

Кинорежиссердун жиликтенген сөөгү салынган баштыктар жекшембиде Тегерандын бир нече районундагы таштанды челектеринен табылган. Мындан соң анын ата-энеси уулун “уятсыз” жашоо образын сүрүп, үй-бүлө куруудан караманча баш тартканыны үчүн өлтүрүшкөнүн мойнуна алган.

Режиссердун атасы киши өлтүрүү, апасы киши өлтүрүүгө көмөк көрсөтүү айыбы менен камалды. Соттун айтымында, Бабактын атасы соо, акылынан айныган эмес. Ал жасаган ишине өкүнбөй турганын билдирген.

Ирандык кинорежиссер 2009-жылы Тегеран университетин аяктап, кийин көп убакыт Лондондо жашаган. Англияда ал бир катар фильмдерди тартып, кийин Иранга кайтып келген. Тегеран сотунун башчысы Мухаммад Шахриаринин билдиришинче, атасы уулуна эстен тандыра турган дары берип, андан соң бычак уруп, жиликтеп, таштандыга ыргытып жиберген.

“Ал мени жана апасын уккан эмес жана биздин беделибиз коркунучта болгон. Күн сайын ал жаш кыздарды окутам деген шылтоо менен үйгө алып келип турган. Биз каршы чыкканда акарат келтирген. Мен Бабакты өтө кыйналып чоңойтком, ал мени жана аялымды дайыма сабачу. Менин башка тандоом болгон жок”, – деген Бабак Хоррамдиндин атасы.

Тегеран сотунун башчысы маркум режиссердун ата-энеси мурда дагы эки кишини: өз кызын жана анын күйөөсүн өлтүргөнүн мойнуна алганын айтты. 1997-жылы үй-бүлө дайынсыз жоголгон, алардын автоунаасы аэропорттон алыс эмес жерден табылган. Сурак учурунда алар кызы менен күйөө баласын алкоголь жана маңзат колдонгону үчүн өлтүрүшкөнүн айтышкан. Бул арада полиция бул билдирүүнү расмий түрдө тастыктай элек.

Буга чейин Иранда Али Фазели Монфареддин гей экени аныкталган соң ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунан өлгөнү белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: