Бүгүн, 20-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 361 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 193, Ош – 5, Чүй облусунан – 96, Ош облусунан – 13, Талас облусунан – 6, Нарын облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 4. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 101 580 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 320 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 94 803кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 177, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 85, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусунан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1729га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ