Menu

УКМК: «БАРУ» Мамлекеттик ишканасынын коррупциялык фактысы аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык Мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» ммамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, «БМАУ» МИ жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000дан 5000 АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.

2021-жылдын 18-майында КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды.

Кармалган «А.А.» КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК «БМАУ» МИ мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: