Menu

Ноокен РИИБде “Бирдиктүү терезе” ишке киргизилди

Бөлүшүү:

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө “Бирдиктүү терезе” режиминде Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору ишке киргизилип, жергиликтүү тургундар үчүн кызмат кыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жайдан жарандар соттуулугу тууралуу справка, курал-жарактарды алып жүрүүгө уруксат кагаздарды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышат.

Бирдиктүү терезенин ачылышында Ноокен РИИБдин начальниги Алтынбек Мусаев кызмат көрсөтүүчү борборунун ишмердүүлүгү жана  анын алкагында кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү менен тааныштырып өттү. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын Башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Улан Бактыгулов жана жергиликтүү бийлик өкүлү Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов катышышты. Ал эми ИИМ өкүлү Улан Бактыгулов Бирдиктүү терезенин ачылышына салым кошкон жергиликтүү бийликке жана РИИБдин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, элге жакындан кызмат көрсөтүүчү борбордун кызматкерлерине ийгиликтерин каалады.

Бирдиктүү терезе жалгыз кана 140 миңден ашуун калкы бар Ноокен районун тейлөө менен чектелбестен, жакынкы шаар-райондордун жашоочуларына да, башкача айтканда Базар-Коргон району жана Майлуу-Суу шаарынын калкын эсепке алганда жалпы 300 миңге чукул калкка жакындан кызмат көрсөтүп, жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз иштейт. Жарандар төмөндөгү номер аркылуу байланышса болот. (03734 102, 0552 80 83 39)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: