Menu

“Кумтөр” алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүүдө

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кенин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссиянын иликтөө жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат. Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, “Кумтөр Голд” компаниясынын башчысы катышууда.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө бийлик алмашкан сайын «Кумтөр» алтын кени боюнча чоң-чоң комиссиялар түзүлүп, алар жаңы закон бузууларды, өтө орчундуу кемчиликтерди табышса да, жарытылуу жыйынтык чыкпаганын, бул жагдайдын бир эле себеби саясий жана мамлекеттик коррупция экенин баса белгиледи.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча дүйнөгө белгилүү компаниялар кыйла алгылыктуу сунуштарды бергенине карабастан, 1991-жылы «Камеко» корпорациясы эч кандай атаандаштыгы жок эле, кенди иштетүү укугун алып, баардык милдеттүү төлөмдөрдөн 5 жылдык мөөнөткө бошотулган. Ошентип, кыргыз тарап канадалыктарга кенди башкаруу укугун да берип салган», – деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз тараптын акцияларын эч негизсиз азайтып, алтын кенине дээрлик өзү ээ болуп алган «Центерра Голд» компаниясы өлкөнүн мыйзамдарын, кызыкчыларын сыйлаган жок. Ал келишимдердин шарттарын дайыма одоно бузуп келген. Давыдов, жана Лысый мөӊгүлөрүнө 1995-жылдан 2011-жылга чейин 1 млрд тоннадан ашык калдык төгүлгөндүктөн, өтө зор экологиялык зыян келтирилген.

«Кумтөр» алтын кенинин азыр да чоӊ мүмкүнчүлүгү бар: калдык сактоочу жайдагы мамлекеттин менчигине алынып жаткан баасы 5 млрд 300 млн доллар өлчөмүндө 106 тонна алтындан тышкары, дагы 400 тоннага жакын алтын бар.

Ошентип, азыркы учурда Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясына койгон дооматы – 4 млрд 250 млн доллар.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл болгон. Ушу тапта кенди иштетип жаткан “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: