Menu

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев пара талап кылууга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча келишимди аткаруу мөөнөтүн узартуу маселеси боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыш ишин козгоого негиз болгон арызды “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазган.

20-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-б. 3-б. “пара талап кылуу” боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: