«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдө” иштеген жумушчулардын айлык маянасы кыскарбайт деп убада берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында билдирди.
“Айлык акылар кыскарбайт. Мен сиздерге убада берем. “Кумтөр” – дүйнөдөгү эң кирешелүү ишканалардын бири. Биз бул акчаны кыскартпай, тескерисинче кызматкерлердин санын көбөйтөлү деп жатабыз”, – деп белгиледи ал.
“28-майда биз эмгек акынын 40% аванс катары берип, 15-июнда толугу менен төлөп берүүнү пландап жатабыз”, – деди ал.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ