Menu

УКМК: “Кыргыз темир жолу” ишканасынан “Генезис Плюс” ЖЧКсына жана “АтомГрупп” ЖЧКсына 500 млн. сомдон ашык акча каражаты которулган

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын акча каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, «Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу менен «Генезис Плюс» ЖЧКнын жана «АтомГрупп» ЖЧКнын дарегине 500 млн. сомдон ашык акча каражаттары которулган.

   Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн мезгилинде түзүлгөн эместиги аныкталды.     

Азыркы учурда «Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Муну менен катар, 2021-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “Кыргыз Темир Жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., «А.Г.» ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана «Г.П.» ЖЧКнын жетекчиси М.Г.Р., “Кыргыз Темир Жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Д.В.А жана уулу Д.Д.В., (ал дагы ушул коррупциялык схеманын катышуучусу) кармалып  Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда, Д.Д.В. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иштеринин өтүнүчү боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июнуна чейин тагыраагы бир ай убактыда келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралды.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: