«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк канча айлык алаарын айтуудан баш тартты. Айлык акысы тууралуу суроону журналисттер бүгүн маалымат жыйында беришти.
«Бизде купуялуулук жөнүндө келишим бар. Мен эч кандай сумманы жана чоо-жайын айта албайм. Менин бирөөнүн капчыгына кызыккан адатым жок”, – деди Тенгиз Бөлтүрүк.
Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу дагы кайсы компаниялар, анын ичинде юридикалык компаниялар кызматташууга катышкандыгын жана алар канча эмгек акы төлөй тургандыгын ачыкка чыгаруудан баш тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ