2021-жылдын 19-майында Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи Э.Бейшембиев Пакистан Өкмөтүнө жалпы салмагы 1400 кг болгон 5 миң N95 медициналык маска, коргоочу костюм жана коргоочу калкан түрүндө гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди, Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары жана өлкөнүн башкы мыйзамынын жаңы редакциясы күчүнө киргендиги, Кыргыз Республикасынын чек арасындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу маселелерин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ