2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Жунушалиев Айбек Жанышбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ