Menu

Токаев менен Рахмон Борбор Азиядагы ынак коңшулук тууралуу келишимди алдыга жылдырууну макулдашты

Бөлүшүү:

20-майда Душанбе шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугушту.

Тажик президентинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери «аймактагы туруктуулукту камсыз кылууга кошумча импульс берүү максатында» Борбор Азиядагы достук, ынак коңшулук жана кызматташтык тууралуу беш тараптуу келишимди биргеликте алдыга жылдырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Токаевдин администрациясы жолугушууда тараптар Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенишүү маселелери жөнүндө сүйлөшкөнүн кабарлады. Акордонун билдирүүсүндө беш тараптуу келишим тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Токаев менен Рахмондун жолугушуусу 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан үч жума өткөндөн кийин болууда. Анда Токаев чек арадагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. Ал эки өлкөнүн президенттери менен телефондон сүйлөшүп, «эки тараптын ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө даяр экенин» айткан.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышкан беш тараптуу келишим түзүүнү мурдагы казак президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылы декабрда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттеринин Ташкенттеги консультативдик жолугушуусунда сунуштаган. Анда казак лидери негизги документте «базалык принциптер менен өз ара аракеттешүүнүн максаттары», анын ичинде өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоо тууралуу жобо болушу керектигин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: