Menu

Вирусту жеңгенин жарыялаган Тажикстанда 22 киши пневмония жана COVID-19 шеги менен карантинге алынды

Бөлүшүү:

Душанбе жана Хожентте 22 киши пневмониянын белгилери жана коронавирус шеги менен карантинге алынды. Тажикстан бийлиги өлкө коронавирсустан арылганын, жыл башынан бери илдетке кабылгандар жок экенин айтып келет.

Согди облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгы 19-майда акыркы аптада 4 киши коронавирус шеги менен ооруканага жаткырылганын, 15 кишиден пневмониянын белгилери табылганын билдирди.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги Душанбеде 3 киши “өпкөсүндөгү маселелерге байланыштуу” дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын, COVID-19га тапшырган тесттери терс чыкканын кабарлады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылып жатып, өлкөдө коронавирус жок экенин айткан. Бирок ал муну менен катар адамдар санитардык-гигиеналык эрежелерди так сакташы керек экенин эскерткен.

18-майда Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги соңку суткада өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган учур катталбаганын маалымдаган.

Расмий маалыматтар боюнча сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 миңден ашык адамга жуккан. Анын 90у көз жумган. Бирок соцтармактардан топтолгон расмий эмес маалыматтар 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин кеминде 450 тажикстандык коронавирустан каза болгонун көрсөтөт.

Ушул тапта Тажикстанда 70 миңден ашуун киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: