Menu

Юстиция министрлигинде КРнын мыйзамдарын инвентаризациялоо процессинин ишке ашырылышы боюнча жолугушуу өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын өкүлдөрү,  Европа союзунун “Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын улуктугу – 2-фаза” Программасынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо процессинин ишке ашырылышы боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело, БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, “Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын улуктугу – 2- фаза” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, “Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын улуктугу – 2-фаза” Программасынын жетекчисинин орун басары, административдик укук, аткаруу өндүрүшү жана адвокатура боюнча негизги эксперт Виктор Кесслер,  Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташуу боюнча бөлүмүнүн долбоорлорунун менеджери Никола Скарамуццо жана “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөктөшүү” GIZ Региондук программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев катышышты.  

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева кымбаттуу меймандарга учурашуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо өлкө үчүн маанилүү экендигин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Юстиция министринин орун басары З.Аскарова Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеңиреек маалымат берди. 

Катышуучулар инвентаризация жүргүзүүнүн этаптары, Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун структурасы жана бул топтун иш-планы менен тааныштырылды. 

Асель Чынбаева чакырылган меймандарга мыйзамдарды инвентаризациялоо маселесине көңүл бурушканы үчүн ыраазылыгын айтты жана кызматташуу мындан ары да жемиштүү уланаарына ишенээрин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: