Menu

Кыргызстанда азыркы “Билим берүү жана илим” жөнүндө алты мыйзамдын ордуна бир мыйзам болот

Бөлүшүү:

Бишкекте Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча тегерек стол өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурду. Бул тууралуу ББИМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, КР ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин аппараты, КР ЖК депутаттары, академиялык коомчулук өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын серепчилери катышты.

Тегерек столдо азыркы учурда билим берүү жана илим тармагында алты мыйзам актылары: “Билим берүү жөнүндө”, “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына тамак-аш берүүнү уюштуруу жөнүндө” жана 50дөн ашык чакан мыйзам актылары иштейт.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровдун айтымында, инвентаризация ченемдик-укуктук базасын оптимизациялоого багытталган. Инвентаризация процесси КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 17-ноябрындагы №951/1 буйругунун негизинде башталган.

«Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндө колдонулуп келаткан мыйзамдарды талдоо көрсөткөндөй, мыйзамдардагы көптөгөн өзгөрүүлөр мыйзамдын өзүн толугу менен жөнгө салбай, мыйзамдык боштуктарды пайда кылган жана ички карама-каршылыктар орун алган, кай бирде акыйкаттык жана өнөктөштүк принциптерине дайыма эле жооп бере бербеген, бири-бирин кайталаган жана ашыкча жоболор бар. Мына ушул аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн бир топ нормалары эскирип калган алты мыйзамдын ордуна “Билим берүү жана илим жөнүндө” бирдиктүү мыйзам кабыл алуу сунушталат. Ошол эле учурда мыйзамдын жаңы долбоорунун базалык түшүнүгү кеңейтилет, алсак, мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формасы, кошумча кесиптик билим берүү, мамлекеттик илимий-техникалык саясат, технопарк, технополис ж.б. аныктамалар киргизилди” – деди ал.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды консолидациялап, Кыргыз Республикасындагы экинчи тармактык мыйзамы болуп калат (Кыргыз Республикасынын биринчи тармактык мыйзамы – “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”). Бул долбоор кабыл алынган Конституцияга ылайык келет жана мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы нормаларды, анын ичинде адеп-ахлактык тарбияны, билим берүү мекемелеринин базасында илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүнүн ченемдерин, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын мектептик билим берүүгө киргизүү жана илимий-техникалык иштеп чыгууларды коммерциялаштыруунун жаңы нормаларын камтыйт. Учурдун талабына ылайык, билим берүүнүн аралыктан окутуу жана электрондук билим берүү формалары мыйзам долбооруна киргизилген.

Жогорку билим берүү жаатында кесиптик билим берүү мекемелеринин алты түрү: улуттук изилдөө институту, университет, академия, институт, адистештирилген жогорку окуу жайы жана жогорку колледж киргизилүүдө.

Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарынын иш-милдеттери такталды.

Ошондой эле, билим берүү мекемелерин аккредитациялоо үчүн каржылоо булактарын, окутуу сааттарынын кредиттик тутумун жана билим берүү мекемелеринин финансылык отчеттуулук стандарттарын мыйзамдуу түрдө бекитүү жагы да жаңы киргизилди.

Билим берүү уюмдарынын каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Медициналык билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн клиникалык базасын камсыз кылуу үчүн, “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: