Menu

Орусияда ири объектилерде камактагылардын эмгек лагерлерин уюштуруу каралууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматы жумушчу күчү жетишпеген ири объектилерде камактагылардын эмгек лагерлерин уюштурууга даяр. Бул тууралуу мекеме башчысы Александр Калашников билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Орусия түрмөлөрүндөгү болжол менен 188 миң киши камактагы мөөнөтүн мажбурлап иштетүү жазасына алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылуу укугуна ээ.

Мекеме башчысы азыр ири объектилердеги жумушчулардын жетишсиздиги көбүнчө мигранттардын эсебинен чечилип жатканын билдирди.

«Аларды камактагылар алмаштырса болот. Бул эмгек ресурстарынын жетишсиздигин жоюудан тышкары камактагыларды социалдаштырууга да түрткү болот», — деди ал.

Калашников мажбурлап иштетүү жазасы белгиленген камактагылар Ненец автоном аймагында, Таймырда, Норильскте, Магадан облусунда жана Байкал-Амур магистралынын курулушунда иштесе болорун кошумчалады.

Орусияда камактагыларды ири объектилердеги жумуштарга тартуу демилгеси бир нече жылдан бери түрдүү деңгээлдерди айыпталып келет. Орусиянын мыйзамдарында камактагылардын эмгегин түзөтүү мекемесинин сыртында да пайдаланууга уруксат берилген. Ошол эле маалда аларга эмгек акы төлөнүп, изоляция жана күзөт менен камсыз болушу керек. Мындан улам айрым юристтер камактагылардын нормалдуу ишин камсыздоо үчүн ири өлчөмдө материалдык ресурстар талап кылынышы мүмкүн экенин айтып келишет.

Камактагылардын эмгеги СССРде 1930-1950-жылдары активдүү пайдаланылган. Алар дээрлик бардык ири өндүрүштүк жана транспорттук объектилердин курулушуна катышкан. Алсак, 1932-жылы Байкал-Амур магистралынын курулушу үчүн түзүлгөн БАМлаг (ГУЛАГ системасына кирет) аркылуу 2 миллиондон ашык киши өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: