Menu

Ишкерлер менен эксперттердин ортосунда атайын Бизнес-диалог өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-майда “Стартап Кыргызстан 2020” сынагында жеңүүчү аталган “Quick Expert” долбоору ишкерлер менен эксперттердин ортосунда атайын Бизнес-диалог өткөрдү. Бул тууралуу  Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-диалогдун максаты – чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бизнес өкүлдөр менен эксперттердин ортосунда диалог уюштуруу, бир аянтчада тажрыйба алмашууга шарт түзүү. Иш-чарада бизнес жүргүзүүнүн негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн чечимдер жана жооптор айтылды.

Спикер катарында Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (ИММФ) аткаруучу директору Ж.Жумабаев, КРнын жогорку технологиялар паркынын директорунун милдетин аткаруучу Ч. Темиров, “Адал Азык” ТМ “Тойбосс” жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору М. Орумбаев, Бишкек PEAK бизнес-инновациялар борборунун директору И. Шаршеев, “Шоро” компаниясынын коммерциялык директору О. Вислевский ж.б. чыгып сүйлөштү. Спикерлер бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жеке тажрыйбалары менен бөлүшүп, кантип бизнес баштаса болот жана ал үчүн кандай тоскоолдуктарды басып өтүү керектиги тууралуу баяндап беришти.

ИММФ аткаруучу директору Ж. Жумабаев Кыргызпатенттин инновациялык ишмердикти жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору, анын ичиде ” Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын алкагында Бишкектеги бизнес, жаңы ишин баштап жаткан ишкерлерлер жана менеджерлер,  дасыккан бизнесмендер жана инвесторлор үчүн атайын консультациялар берилди. Ишкерлердин баш ооруткан көйгөйлөрүн чечүүгө жол табуу үчүн экономиканын ар тармагы боюнча эксперттер чакырылган. Катышуучулар эксперттер менен бирге катачылыктардын үстүнөн иштеп, ишканаларды толук диагностикадан өткөрүштү жана жеке бизнести жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарага чакан жана орто бизнестин, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, стартапчылар жана кызыкдар тараптар катышты.

Маалымат иретинде: «Quick Expert» долбоору – КМШ өлкөлөрүнүн 50дөн ашык адистиктер боюнча эксперттери менен пайдануучулардын ортосун бириктирген фрилансерлердин кызмат көрсөтүүлөрү жана консультациялыялары үчүн электрондук сервистик аянтча. Долбоор “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын жеңүүчүсү аталып, Кыргызпатент тарабынан 500 000 сомдук мамлекеттик грант алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: