Menu

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин райондук борборлоруна жана бөлүмдөрүнө 8 санитардык унаа тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин райондук борборлоруна жана бөлүмдөрүнө 8 санитардык унааны тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул транспорт каражаттары Ислам Өнүктүрүү Банкынын “COVID-19 долбоорунун алкагында ага даярдык көрүү жана жооп кайтаруу максатындагы ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында сатылып алынып, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл, Ноокат, Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Аксы, Жумгал, Базар-Коргон райондук борборлоруна жана бөлүмдөрүнө тапшырылды.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясы мамлекеттин саламаттыкты сактоо тутумуна өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгын көрсөттү. 2020-жылдын башында Бишкек жана Ош шаарларында эки гана лаборатория иштеген. Алыскы аймактардан үлгүлөрдү лабораторияга өз убагында жеткирүү кыйынчылык жаратчу. Буга атайын техниканын жетишсиздиги, колдо болгон транспорттун моралдык жактан эскиргендиги себеп болгон. Автопарк 20 жылдан бери жаңыртылган эмес. Бирок буга карабастан, жергиликтүү бийлик органдары лабораторияларга үлгүлөрдүн өз учурунда жеткирилишин камсыздап турган», деди Жылдыз Бакашова.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кошумчалагандай, Ислам Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун алкагында өлкө боюнча 10 модулдук вирусологиялык лабораторияны куруу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 12 вирусологиялык лаборатория иштеп жатат.

«Долбоордун негизги максаты – патогендик биоматериалдарды талдоо үчүн өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана райондук борборлордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жаңыртуу. Долбоордун алкагында 15 унаа сатылып алынып, анын 8и бүгүн тапшырылды. Буга чейин 2020-жылдын декабрь айында 7 тез жардам унаасы берилген. Бул унаалар COVID-19 лабораториялык диагностикасын жакшыртууга жана оптималдаштырууга өз салымын кошот», – деди Жылдыз Бакашова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: