Таласта милиция кызматкерлери ээнбаштыкка шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жакында эле Талас ШИИБне отуз үч жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анда май айынын орто чендеринде, унаа оңдоочу жайда жумуш ордунда иштеп жаткан учурда, эки бей тааныш бала келип эч себепсиз эле сабап, ден-соолугуна залал келтиргендигин билдирген. Алардын бири жакалап уруп, экинчиси бел тарапка бычак менен эки жолу сайып, андан соң качып кетишкендиктери айтылган.
Натыйжада жабырлануучу жаран жаракат алып ооруканага жаткырылган. Чогултулган материалдар ушул эле күнү КЖБРге Кыргыз Республикасынын КЖКнин 266-беренесинде каралган “Ээнбаштык” фактысы менен катталган, Талас ШИИБсинде сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөр аныкталып, алар 1988-жылы туулган Т.А. Талас шаарынын тургуну жана анын шериктеши Баткен облусунда туулган 1983-жылы туулган М.М. атту жарандар экендиги такталган. Биринчиси аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда тургандыгы аныкталып чыкты.
Талас ШИИБнин кызматкерлери жана ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун оперкызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында А.Т. менен М.М. кармалышты.
Алар экөө тең Талас ОИИБнын УКЖна камакка алынып, учурда, кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүүлүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ