Menu

Жылдыз Бакашова: Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдар заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп бериши тийиш

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдар заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп бериши тийиш. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө» тегерек столго катышуусунун жүрүшүндө билдирди.

Ал белгилегендей, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдардагы көптөгөн өзгөрүүлөр мыйзамдын предметинин толук жөнгө салынбагандыгына, мыйзамдардагы боштуктарга, карама-каршылыктарга жана дал келбестиктерге, көпчүлүк учурларда калыстык жана шериктештик принциптерине дал келбеген кайталанма жоболордун орун алышына алып келген.

«Өз кезегинде мындай абал жарандардын адилеттикке жана соттук териштирүүлөргө карай конституциялык укугунун жана акыйкат чечимдин кабыл алынышынын чектелишине алып келет. Буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга укуктук базаны өркүндөтүү, учурдагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу жана сапаттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү максатында билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана оптималдаштыруу тапшырмасы берилген. Билим берүү жана илим жаатында 6 негизги мыйзам бар, бирок алардын айрымдары өз актуалдуулугун жоготкон. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин максат – мыйзамдарды толук инвентаризациялоо, андан кийин карама-каршылыктарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү жана натыйжада билим берүү жана илим жаатында заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп берген жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу», – деди Жылдыз Бакашова.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Билим берүү жана илим жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталып, документтин эксперттик талкуусу өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: