Menu

Сот Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтырды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Экс-министрдин адвокаты Кайсын Абакировдун айтымында, Дыйканбаев айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин «саясий буйрук» деп эсептөөдө.

“Тергөө Дыйканбаев Кытай компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 млн. 600 миң сом талап кылган деп жатат. Бирок ал өзү анда келишимди узартуу укугу болбогонун айтууда”, — деди Абакиров.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, Жазык кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырган.

Ал эми «Коопсуз шаар-2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы жеңүүчү деп аталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: