Menu

Тажик-казак сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жети документке кол коюлду

Бөлүшүү:

Тажикстан менен Казакстандын президенттери эки өлкө ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана кеңейтүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик-казак сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жети документке кол коюлду. Алардын арасында өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы «Кургак учукка каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу», Тышкы иштер министрликтеринин 2021-2023-жылдардагы кызматташуу программасы, Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги менен Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы «Өнөр жай тармагында кызматташуу тууралуу», тажик өкмөтүнүн Байланыш кызматы менен Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлигинин ортосундагы «Өз ара түшүнүшүү тууралуу» меморандум өңдүү документтер бар.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосунда кол коюлган меморандумга ылайык, Тажикстандын бир нече аймагындагы өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 45 миллион доллар, жалпы жонунан 500 миллион доллар бөлүнөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, коронавируска карабастан былтыр эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмү 1 миллиард долларга жакын сумманы түзгөн.

Токаевдин айтымында, казак компаниялары Тажикстанда автоунаалар менен автобустарды өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачууга, ошондой эле трансформатор чыгарган завод курууга даяр. Мындан тышкары казак ишкерлери Рогун ГЭСин куруу үчүн темир жол тетиктеринин, тик учактардын жана металл продукцияларынын жеткирилишин камсыздоого даяр.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: