Menu

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотуу тууралуу макулдашты

Бөлүшүү:

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду. Бул тууралуу израиль басылмалары кабарлады.

Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль египеттик ортомчуларга ок атууну токтотуу тууралуу кабар бергенин жазышкан. Алардын маалыматына караганда, ошол эле маалда ХАМАС кыймылы да 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирген.

Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, элдешүү АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин мүмкүн болгонун кабарлашты.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, Египет узак мөөнөттүү элдешүү жараянына жетишүү үчүн израиль жана палестин өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүүгө ниеттенип жатат.

Бейшемби күнү кечинде ок атууну токтотуу тууралуу билдирүүлөр тарап жаткан учурда Газа тилкесинен Израилди көздөй ракеталар атылганы кабарланган.

Газа тилкесинде кризис курчуп кеткен 10-майдан бери, палестиналык дарыгерлердин айтымында, 228 киши каза тапты. Израиль тарап 12 киши өлгөнүн маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: