Орусиядагы укук коргоочулар тажик мигранттарын өлкөгө Беларустун чек арасы аркылуу кирүүгө аракет кылбоого чакырууда.
Алардын айтымында, бул мыйзамсыз жана кылмыш болуп эсептелет. Бул үчүн айып пул төлөтүү же эркинен ажыратуу жазалары каралган.
Укук коргоочу Каримжон Еровдун айтымында, 17-майда Беларуска учуп барып, андан ары Орусиянын чек арасын көздөй кеткен тажик мигранттарынын тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз болууда. Анын айтымында, алардын айрымдарынын туугандары мигранттар орус чек арасында кармалганын билдиришкен.
Күн мурун «Эркин Европа» радиосу ондогон тажик жараны токой аркылуу Беларустан Орусиянын аймагына өтүп жатканы тартылган видеону жарыялаган.
Орусияга авиабилеттердин кымбаттыгынан жана туруктуу каттамдардын жоктугунан улам айрым тажикстандыктар алгач Душанбе-Минск каттамы менен учуп, андан ары Орусияга өтүүгө аргасыз болууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ