Menu

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.

Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: