Menu

Бажы кызматынын кызматкерлери 600 миң сомдук контрабандалык товарды кармашты

Бөлүшүү:

МБКнын кызматкерлери 600 миң сомдук контрабандалык товарларды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Мамай” чек ара тилкесинде автоунаа менен жалпы 20 коробка (2400 шт) курамында никотин бар продукция алып келе жаткан Кыргыз Республикасынын А.Ж., аттуу жаранын кармашкан. Кармалган тамеки продукциясы бажыда декларацияланбаган, тиешелүү жеткирүү документтерисиз Өзбекстандан алынып келе жаткан.

Кармалган товардын наркы 600 000 миң сомду түздү, ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын-ала суммасы 206 400 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: