Бүгүн, 21-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 298 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 170, Ош – 10, Чүй облусунан – 69, Ош облусунан – 7, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 4. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 101 878 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 311 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 95 114кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 178, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 89, Ош облусунан – 1, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 3. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1735ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ