Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Юстиция министри Ш.Дороги мырзага көңүл бурганы жана визити үчүн ыраазылык билдирди.
Юстиция министри Ш.Дороги мырзага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.
Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ш.Дороги мырза Венгрияда жаңы Конституция кабыл
алынгандыктан, Венгриянын мыйзамдарын да жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн айтып берди.
Ш. Дороги мырза Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу маселесин караштырууну сунуштады.
А. Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазылыгын айтты жана эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ