Menu

Улуу Новгород шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучуларынын эл аралык ассамблеясы өткөрүлүп жатат

Бөлүшүү:

Ассамблея 19-21-май күндөрү чыгармачылыкты жана ойлоп табуучулукту өнүктүрүүгө багытталган интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү балдардын жана жаштардын эл аралык кызматташтыгын колдоого, мындан сырткары ЕАЭБнын жаштар жана балдар чыгармачылык борборлору арасындагы, жаша ойлоп табуучулук чөйрөдөгү эл аралык байланышты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу  Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

 19-майда ЕАЭБга мүчө өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучуларынын эл аралык ассамблеясынын ачылышы өткөрүлдү. Ал эми, 20-майда Евразия патенттик уюмунун өкүлдөрү ойлоп табуучулук ишмердиктин негиздери боюнча атайын лекцияларды окушту жана ЕАЭБга мүчө өлкөлөрүнүн жаш ойлоп табуучулары чөйрөсүндө кызматташтык маселелери боюнча тегерек стол уюштурулду. 

Бүгүн, 21-майда ассамблеянын катышуучуларынын долбоорлорун презентациялоо жүргүзүлүүдө. Ошону менен катар робототехника, нейротехнологиялар, VR-технологиялар боюнча мастер класстар жана интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруунун негиздери боюнча лекциялар окутулуп жатат. 

Аталган ассамблеяга Кыргызстандын атынан Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Гульжамал Джумагулова катышып жатат. Г. Джумагулова ассемблеяда сүйлөгөн сөзүндө евразиялык региондогу жаштардын коллаборациясын шарттоо менен ушундай иш-чаралар салтка айланып калышына үмүттөнөрүн жана тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, катышуучуларга ойлоп табуучулук ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргызстандын жаштары арасында жасалган иштер тууралуу презентация көрсөтүлдү.

Ойлоп табуучу жаштар арасында Кыргызстандын намысын “Келечекке көз караш” Евразия патенттик универсиадасынын  жеңүүчүсү Бабаджанов Ашот жана «Келечек жаратманы» жогорку класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн республикалык  олимпиадасынын жеңүүчүсү Абдрахманова Назбийке коргойт. А. Бабоджанов «Насекомые, способные поглощать пластик» долбоорун презентацияласа, Н. Абдрахманова «Универсальный прибор для бесконтактной защиты от коронавируса-УПБЗК-1» долбоору менен катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: