Menu

Төрт банк чек арада жабыркаган жарандардын насыясын кечти

Бөлүшүү:

Төрт банк чек арада жабыркаган жарандардын насыясын кечти. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Компаньон” банкы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун  чек ара аймактарынын жашоочуларына 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү.  Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.

Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25миң сом материалдык жардам берилди. 

Белгилей кетсек КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган. 

Натыйжада “Мол-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алды. 

Облус элинин башына түшкөн оор кырдаалда, кабыл алган чечимдери үчүн, аты аталган банкттардын жамаатына, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, өзүнүн жана Баткен элинин атынан ыраазычылыгын билдирди. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган жарандардын ичинен, 8 жаран  “РСК” банкынын Баткен филиалынан насыя алган. Анын ичинен каза болгон бир аскер кызматкеринин  насыясы кечилди. Ал эми жараат алган 7 аскер кызматкерлеринин насыясынын пайызы 6 айга токтотулду.

Ошондой эле “РСК” банкы тарабынан, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине   2млн 284миң 700 сом которулду.  

Аталган банк бүгүнкү күндө район борборунан алыс жайгашкан, чек ара айылында жашаган элдин муктаждыгын жеринде чечүү максатында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө  көчмө  калкты тейлөө  борборун ачып, 6-майдан тарта кызмат көрсөтүүдө.  

Ошондой эле “РСК” банкы чек ара аймактарын колдоо максатында,Баткен облусунун Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылынын эли үчүн, 10 млн сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12% менен,  3 жылдык мөөнөткө, 6 ай танаписи менен,жеңидетилген тартипте, комиссиясыз, күрөөсүз берилет. 

“Бай-түшүм” Банкы чек арадагы орун алган акыркы окуяда каза болгон 2 жарандын жана турак жайы өрттөлгөн 7 жарандын насыясын жоюу чечимин кабыл алды.  

Аны менен катар аталган банктын жамааты, чек ара аймактарында жабыркаган жарандарга 100миң сомдон ашуун  материалдык жардам көрсөтүштү. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: