Menu

“Центерра голд” Бөлтүрүктү Канадада сотко берди

Бөлүшүү:

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра голд” компаниясы Кыргызстан бийлиги “Кумтөр голд” компаниясына тыштан башкаруучу кылып дайындаган Тенгиз Бөлтүрүктү Онтарионун Жогорку сотуна берди.

“Центерра голд” Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары компания алдында алган жоопкерчилигин бузду деп жатат.

“Центерра голд” Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөр алтын кенин башкарууга түз жана кыйыр түрдө аралашуусуна, компания алдындагы конфиденциалдуулукка байланыштуу милдеттенмелерди бузуу аракеттерине мындан ары катышуусуна бөгөт коюуну көздөп жатканын белгиледи.

“Ушул күнгө чейинки маалыматтар боюнча, компанияга белгилүү болгондой, Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин Кыргызстандын өкмөтү жана башка тараптар менен мурдагы инвестициялык келишимдерди бузуу аркылуу Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү тартып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тенгиз Бөлтүрүк бул тууралуу “Центеррага голдго” кабарлаган эмес”.

“Центерра голд” компаниясы Кумтөргө тыштан башкаруу киргизилгенге чейин, 12-майда “Кыргызалтын” ишканасы үчүнчү тарапка жөнөтүлгөн төлөм тууралуу жасалма инструкция аркылуу 29 млн. доллардын которууга аракет кылды деп айыптады.

“Бул эсеп “Кумтөр Голд Компанинин” атына ачылгандай көрүнөт. Бул көз боёмочулук аракетин үчүнчү тарап өз убагында байкап калды жана ал ишке ашкан жок”.

Тенгиз Бөлтүрүк өткөн жылдын декабрь айында “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп Кыргызстандын атынан дайындалган. Ал 17-майдагы Жогорку Кеңештин чукул жыйынында директорлор кеңешинин курамынан чыгуу тууралуу арыз жазганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындады. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мындан тышкары 1 млрд. 166 млн доллар төлөнбөй калган деген салык төлөшү керек.

8-майда “Центерра Голд” билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор “таптакыр негизсиз” экенин, ал эми парламентте кабыл убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: