Сырдарыяда Indorama Agro компаниясынын ондогон кызматкери айлык акынын кыскартылышына жана эмгек мыйзамдарынын бузулушуна нааразылык иретинде магистралдык жолдо веложүрүш жасашты.
Соцтармактарда жарыяланган видео 20-майда тартылганы аныкталды.
Видеодо велосипедчендердин бири: “Айлык акынын аздыгынан “Индораманын” кызматкерлери иш таштоодо. Маяна 1,5 миллион сум (140 доллардын тегереги). Эч нерсеге жетпейт”, – деген.
Нааразылык акциясынан кийин Indorama Agro жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги кызматкерлердин айлыгын эки миллион сумга (190 доллар) чейин көбөйтүүгө жана айрым жеңилдиктерди берүүгө макул болгон.
Indorama Agro Сингапурдагы Indorama компаниясына баш ийет. Былтыр ал Сырдарыя облусунун Акалтын жана Сардаба райондорунда өз ишин баштаган. Бул үчүн өзбек өкмөтү ишканага 24 гектер жерди 49 жылга ижарага берген. Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын бүтүмүнө ылайык, 70 миллион долларлык бул долбоор пахтаны эффективдүү өстүрүү ыкмаларын киргизүүгө, өнүмдүүлүктү арттырууга жана айыл чарбасында айлык акыны жогорулатууга багытталган.
Быйыл жыл башында ишканада кадрларды жапырт кыскартуу башталганы жана жүздөгөн мурдагы фермерлер менен дыйкандар ишсиз калуу коркунучуна кептелгени кабарланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ