Menu

Садыр Жапаров: “ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекеттин жаңы атаандаштык артыкчылыктарын жана аларды Бирликтин интеграциялык потенциалын жогорулатууга колдонуунун максатка ылайыктуулугун аныкташыбыз керек”

Бөлүшүү:

«Биз ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекеттин жаңы атаандаштык артыкчылыктарын жана аларды Биримдиктин интеграциялык потенциалын жогорулатууга колдонуунун максатка ылайыктуулугун аныкташыбыз керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, видеоконференция форматында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Евразия экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагындагы интеграция Кыргыз Республикасы үчүн шексиз приоритеттүү багыт болгонун жана болуп кала берерин баса белгиледи.

«Биз Бирликтин алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу, базар экономикасынын принциптерин сактоо жана тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген жигердүү жана жемиштүү ишибизди мындан ары да улантуу ниетиндебиз. Бүгүнкү каралып жаткан „ЕврАзЭБдин 2020-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө“ жана „Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө карата мамилелер“ аттуу документтер бул багыттагы чараларды ишке ашырууга өз салымын кошот деп ишенем», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Бирликти ири Евразиялык мейкиндиктин борбору катары кабылдоо идеясына өзгөчө көңүл бөлдү.

Бирликтин географиялык жайгашуусунун потенциалы регионалдык гана эмес, дүйнөлүк өлчөмдөр боюнча дагы өзгөчө экендигин белгилөө менен анын Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарында көпүрө болуусуна мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгү өлкөлөр менен экономикалык максатка ылайык багыттарда кызматташууну жолго коюуга басым жасоосу зарыл деп эсептейт. Келечекте товар өткөрүү соода тутумунун инфраструктурасын түзүү транспорттук чыгымдарды азайтып эле тим болбостон, ресурстардын, өндүрүштүн жана сатып өткөрүү рынокторунун ортосундагы байланышты камсыз кылуу менен континентибиздин башын бириктирүүгө көмөкчү болот.

«Өткөн жылы жана ушул жылдын биринчи жарымында биз дуушар болгон дүйнөлүк кыйынчылыктар кризистен кийинки кесепеттерди жоюуга багытталган биргелешкен аракеттерди бекемдөө зарылдыгын көрсөттү. Натыйжасы тышкы шарт-жагдайдагы ар кандай өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарууга жана ыңгайлашууга өбөлгө түзүүчү соода-экономикалык байланыштардын жаңы механизмдерин киргизүү аркылуу Бирликтин туруктуу өнүгүү темпин камсыз кылуу болуш керек», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: