Menu

УКМК: Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөсү экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөсү экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана алдын алуу иштеринде, Кочкор районунда диний кырдаал боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. 

Диний экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Нарын облусунун айрым тургундарын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) ишмердүүлүгүнө тартуу иш-аракеттерин кылып жүргөн адам аныкталды.

2021-жылдын 14-майында облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, көрсөтүлгөн тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири – Кыргыз Республикасынын жараны “И.Ж.Р.” өзүнүн жаңылыштыгын моюнга алып, ишенгендерди жана башка мүчөлөрдү экстремисттик көз-карашты колдогондор салттуу исламдын мыйзамдарын гана сактосуна чакырып жана өз ыктыяры менен бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: