Menu

Бишкек шаарындагы 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан “Ак-Өргө” жана “Арча-Бешик” жаңы конуштарында 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен фактылары аныкталган. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен баасы 11 922 880 сомду түзгөн 4 жер тилкелери, Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүгө багытталган жер тилкелеринин эсебинен “Ак-Өргө” жаңы конушунда турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен.

Мындан сырткары, аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 754 орундуу мектептин курулушу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкенин 3 097 000 сомго бааланган бир бөлүгүн жеке тарапка мыйсамсыз өткөрүп беришкен.

Жогорудагы жер тилкелерине мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу максатында, прокуратура тарабынан сот органдарына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, толук канааттандырылды.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен баасы 15 019 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: