Menu

Төрт банк чек ара чырында жабыркагандарга жеңилдик берди

Бөлүшүү:

Төрт комерциялык банк кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айрым үй-бүлөлөрдүн насыяларын биротоло кечип, кээ бирине жеңилдик берди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Анда “Компаньон” банкы 2 млн. сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, 17 жарандын насыясын кечип, үч жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.

“РСК” банкы Баткенге 2 млн. 284миң сом которуп, каза болгон бир аскер кызматкеринин насыясы кечкен. Ал эми жараат алган жети аскер кызматкеринин насыясынын пайызы алты айга токтотулду.

Ошондой эле “РСК” чек ара аймактарын колдоо максатында, облустагы Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылынын эли үчүн, 10 млн. сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алган. Насыя 12% менен, 3 жылдык мөөнөткө, алты ай танаписи жанан жеңидетилген тартипте, ошондой эле комиссиясыз, күрөөсүз берилет.

“Бай-түшүм” банкы чек арадагы окуяда каза болгон эки жарандын жана турак-жайы өрттөлгөн жети жарандын насыясын жойду.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин банктардын облустагы өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы коогада жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдик берүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону суранган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: