Menu

Кытайда марафондун 21 катышуучусу тоңуп өлдү

Бөлүшүү:

Өткөн ишемби күнү адамдар ультрамарафонго чуркаган трассада аба ырайы кескин бузулуп, 21 адам сууктан каза болду.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында уюштурулуп, 100 чакырымга пландалган бул марафон бийик тоо кыркалары аркылуу өткөн.

Башында аба ырайы ачык болуп, марафонго чуркагандар жеңил-желпи кийинишкен жана алардын жанында жылуу кийимдери болгон эмес. 2-3 сааттан кийин тоодо аба ырайы кескин бузулуп, катуу шамал башталып, жамгыр төгүп, карга айланган. Ошол замат марафон токтотулуп, жөө күлүктөрдү издөөгө куткаруучулар жөнөтүлдү. Жалпысынан 172 адам чуркаса, алардын айрымдары аба ырайы бузула баштаганда эле жолдон калышкан. Ал эми көпчүлүгү жаанга карабай, чуркоону улантып, катуу суук урган учурда тоолуу аймактарга жетип калышкан.

Жекшемби күнү таңга жуук издөө иштеринин жыйынтыгында марафондун 151 катышуучусу куткарылды. Ошондой эле тоолордон сууктан тоңуп өлгөн 21 адамдын сөөгү табылды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары бул кырсыкка марафонду уюштурган Байин шаардык бийлигин айыпташууда. Аткаминерлер элден кечирим сурашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: