Казакстан Ички иштер министрлиги Шинжаңжан качып келип бозгун макамын алган үч казакка – Кайша Акан, Мурагер Алимулы, Кастер Мусаканулына расмий кат жолдоп, казак жарандыгы берилбей турганын кабарлады. Бул тууралуу “Эркин Европанын” казак кызматына Кайша Акан билдирди.
“Айланып келип, эртеби-кечпи бизди Кытайга кайра кайтарышат окшойт”, – деди Кайша Акан.
ИИМ жөнөткөн катта “Көчүү-конуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, Казакстанга мыйзамсыз келген, чек араны бузуп өткөнү үчүн соттолгон, мурда жашаган өлкөсүндө мыйзамдарды бузганы үчүн куугунтукталган кишилерге жарандык берилбей турганы айтылган.
Апрелде Кайша Акан жана Шинжаңдан келген дагы эки киши: Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулы Казакстан бийлигинен жарандык же үчүнчү өлкөгө чыгууга жол ачкан документ берүүнү сураган.
Буга чейин Шинжаңдан качып келген Сайрагуль Сауытбайга Казакстанда качкын макамы берилбегенден кийин, ал 2019-жылы июнда үй-бүлөсү менен Швецияга чыгып кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ