Menu

Орусиялык үч авиакомпания Тажикстанга авиабилет баасын арзандатты

Бөлүшүү:

Орусиялык “Урал авиалиниялары”, “Ямал” жана “Сибирь” авиакомпаниялары Тажикстанга болгон чартердик каттамдардын максималдуу баасын 500 доллардан ашырбоого макулдашты.

Бул тууралуу “Эркин Европа” радиосуна Тажикстан өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация комитети билдирди.

Маалыматка караганда, авиабилеттер мындан кымбат баада сатылган учурда жүргүнчүлөр жарандык авиация комитетине кайрылып же ишеним телефонуна чалышса болот.

Буга чейин Тажикстан жарандары, өзгөчө мигранттар орусиялык авиакомпаниялар билеттердин баасын 15 миң сомониге чейин көтөрүп жатканына даттанышкан.

Тажикстандын бийлиги 11-майда авиабилет бааларын жогорулатканы үчүн орусиялык “Сибирь жана “Северный ветер” авиакомпанияларынын каттамдарын убактылуу токтоткон.

21-майда “Сибирь” Тажикстанга учууга кайрадан уруксат алган. “Северный ветер” чартердик каттамдардын баасын төмөндөтүүгө макулдугун бере элек.

Буга чейин Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги орусиялык авиакомпанияларга билет баалары 8000 сомониден ашса, каттамдарына тыюу салынарын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: