Menu

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну суранат

Бөлүшүү:

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, Сооронбай Жээнбековго каршы кылмыш ишин козгоону жана экс-президент статусунан ажыратууну суранды. Кайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Элин, жерин саткан, өз элин аткан Сооронбай Жээнбеков Сиз алсыраганда биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдалана далыңызга бычак саят!
Бул ачык-айкын согушканды билбейт, дайыма «чөөлөргө» окшоп алсыз мезгилден пайдаланып сокку урат. Мен мындан күмөн санабайм, анткени ал 24 жылдык досун, партиялаш, санаалаштарын саткан, ал нерсеге көнүп, профессияга айлантып алган.
Иниси Асылбек азыр региондордо арам саясатын жүргүзүп, эл менен бийликтин ортосуна бүлүк салып жүргөнүн угуп, кооптонуп турам!
Жээнбековду токтоосуз «экс-президент» макамынан ажыратып, уюшкан үй-бүлөлүк кылмыштуу тобу менен кошо жоопко тартыш керек!
Эгер эл арасында кызуу талкууга түшкөн 10 миллион доллар алган деген кептер калп десеңиз, мына ушундай кадамга барыңыз. Жээнбековдордун кылмышын таба албай жатсаңыз, мен таап берем!”, – деп жазат ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: