Menu

Ноокатта дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзү айдап жүргөн унаанын багажынан табылды

Бөлүшүү:
Ноокатта дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы жигиттин сөөгү унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну, 1983-ж.т. С. И., Ноокат РИИБне иниси 2000-ж.т. Б у А. 2021-жылдын 21-май күнү чамасында “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Аталган арыз Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.
Б у А.ны табуу үчүн Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, Криминалдык милиция кызматынын, Көк-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 23-май күнү дайынсыз жоголгон Б у А.нын “Деу-Ласетти” автоунаасы  Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган.
Аталган автоунаага Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б у А.нын жансыз денеси табылган.  Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.Б у А.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Тергөө иштеринин негизинде  тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө учурунда Б у А.нын өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерлерди аныктоо жана кылмыштын бетин ачууга багытталган бир катар тергөө тапшырмаларынын негизинде Ноокат РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү жана Көк-Жар АМБнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, милиция кызматкерлери тарабынан Көк-Жар айылынын тургундары, 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалышып тергөө кызматына камсыздалган.
Эмне себептен өлтүргөндүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Тергөө иштерин Ноокат РИИБи тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: